Кара-Кулжада 120 орундук бала бакча курулат – сметалык баасы 62 млн сомду түзөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кара-Кулжа айыл аймагынын Бий-Мырза айылында жайгашкан “Парчабү эне” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы имаратынын курулушуна мезгил кутучасын салуу аземине катышты. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Анда архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев маалымат берди. Ал билдиргендей, учурда иштеп жаткан бала бакчанын имараты 1967-жылы курулган эски имаратка  2007-жылы  “Парчабү эне”  мектепке  чейинки  билим берүү уюму  уюштурулуп,   ошол эле  жылы  АРИС программасы аркылуу чатырчасы  толугу менен алмаштырылган.

Бирок бүгүнкү күндө имарат эскилиги жеткендиктен,  Кара-Кулжа айыл өкмөтү тарабынан  120 орундуу жаңы имарат курууга долбоордун  сметалык документтери даярдалган. Учурда жаңы имаратты курууга тендер өтүп, “Темир курулуш” ЖЧКсы 62 млн сомго келишим түзүлүп, пайдубалы түптөлдү.