МИК аркылуу берилүүчү үйлөрдүн ачкычы үй ээлерине тапшырылды

Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилүүчү үйлөрдүн үй ээлерине ачкычтар тапшырлды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

“Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК менен “Керемет Банк” ААК ортосундагы биргелешкен долбоордун алкагындагы көп кабаттуу үйдүн курулушу аяктады.

Бул долбоор министрлер кабинетинин “Арзан ипотека” багыты боюнча “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагындагы жүзөгө ашырылды.

Такталгандай, 9 кабаттан турган 108-сериядагы турак-жай Бишкек шаарындагы Анкара көчөсүндө жайгашкан. Сапаттуу курулуш материалдарын колдонуу менен тиешелүү талаптарга ылайыкталып салынган үй бардык коммуналдык кызматтарга кошулган. Курулуш ишин “Фаворит Строй Групп” ЖЧК жүргүзгөн.

МИКте кезекте турган жарандар насыяны турак-жай наркынын 20%зын төлөө аркылуу, жылдык үстөк пайызы 8% менен 25 жылга алышты.