2023-жылдын январь-ноябрь айларында 68 964 жаранга пенсия дайындалып чектелди.

Социалдык фонд 2023-жылдын январь-ноябрь айларында 68964 жаранга пенсия чектеди. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Ошонун ичинде 2023-жылы ноябрь айында 4 865 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 2 107 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.