> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектин көчөлөрүндөгү жол кыймылынына өзгөртүүлөр киргизилет
- URL: https://im.kg/koom/2023/12/18/bishkiektin-kocholorundoghu-zhol-kyimylynyna-ozghortuulor-kirghiziliet/
- Published: 2023-12-18T10:08:20.000Z
- Updated: 2023-12-18T10:08:20.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек шаарынын көчө- жол тармагынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында мурда макулдашылган бир тараптуу жана эки тараптуу кыймыл схемасына айрым өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.**

Ошентип, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бардык зарыл болгон жол белгилерин орнотуу менен көчөлөрдүн төмөнкү тилкелеринде эки тараптуу кыймыл уюштурулат:

\- Т.Кулатов көчөсүнүн И.Панфилов көчөсүнөн Ю.Логвиненко көчөсүнө чейинки бөлүгү;

\- Ж.Бөкөнбаев көчөсүнүн Эркиндик проспектисинен Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

 Мындан тышкары, көчөлөрдүн төмөнкү тилкелеринде бир тараптуу кыймыл уюштурулат:

· Ж.Турусбеков көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);

· Т.Үмөталиев көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай);

· К.Акиев көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);

· К.Тыныстанов көчөсү М.Фрунзе көчөсүнөн Ж.Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай);

· И.Раззаков көчөсү Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай);

· А.Орозбеков көчөсү Москва көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);

· Гоголь көчөсү Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө карай);

· А.Сүйүмбаев көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай).

 Эскерте кетсек, жогоруда аталган көчөлөрдө жол кыймылынын тартибине өзгөртүүлөрдү 2024-жылдын 8-январына чейин киргизүү пландалууда.