> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто нан бышырган жеке ишкерге айып пул салынды
- URL: https://im.kg/koom/2023/12/18/oshto-nan-byshyrghan-zhiekie-ishkierghie-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2023-12-18T05:02:55.000Z
- Updated: 2023-12-18T05:02:54.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Ош шаарындагы нан бышырган жайда (наабайкана) 1-сорттогу буудай унунан жасалган 290 грамм тандыр нанын дүң баада 30 сомдон сатылып жаткандыгы аныктаган. Бул тууралуу мекеме билдирди.**

Тактап айтканда, белгиленген баадан 4.19 сомго жогору сатылып жаткан. Ош шаардык бөлүмүнүн 2023-жылдын 9-октябрындагы “Ош шаары боюнча 90 календардык күнгө 1-сорттогу буудай унунан жасалган нандын (бөлкө нан), нан азыктарынын (тандыр нан) чекене бааларынын максималдуу деңгээлин белгилөө жөнүндө” №9 сандуу буйруктун талабы боюнча 290 грамм салмактагы тандыр нандын дүң баасы–25,81 сомдон сатылуусу зарыл.

Буйруктун талаптарын аткарбагындыгы үчүн наабайканага КР “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 290-беренесинин 1-пунктуна ылайык жеке жак катары 3000 (үч миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.