Ошто нан бышырган жеке ишкерге айып пул салынды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Ош шаарындагы нан бышырган жайда (наабайкана) 1-сорттогу буудай унунан жасалган 290 грамм тандыр нанын дүң баада 30 сомдон сатылып жаткандыгы аныктаган. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Тактап айтканда, белгиленген баадан 4.19 сомго жогору сатылып жаткан. Ош шаардык бөлүмүнүн 2023-жылдын 9-октябрындагы “Ош шаары боюнча 90 календардык күнгө 1-сорттогу буудай унунан жасалган нандын (бөлкө нан), нан азыктарынын (тандыр нан) чекене бааларынын максималдуу деңгээлин белгилөө жөнүндө” №9 сандуу буйруктун талабы боюнча 290 грамм салмактагы тандыр нандын дүң баасы–25,81 сомдон сатылуусу зарыл.

Буйруктун талаптарын аткарбагындыгы үчүн наабайканага КР “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 290-беренесинин 1-пунктуна ылайык жеке жак катары 3000 (үч миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.