> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Памирден келген этностук кыргыздарга 82 млн сом бөлүндү
- URL: https://im.kg/koom/2023/12/18/pamirdien-kielghien-etnostuk-kyrghyzdargha-82-mln-som-bolundu/
- Published: 2023-12-18T05:40:58.000Z
- Updated: 2023-12-18T05:40:57.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келген эностук кыргыздарга республикалык бюджеттен Ош облусунун Чон-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө 2 млн сом бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Мындан тышкары, капиталдык салымдар беренеси боюнча Ош облусунун Чоң-Алай районуна Кичи жана Улуу Памирден келген этникалык кыргыздар үчүн турак жайларды курууга 2023-жылдын 30-августундагы №511-т тескемеге ылайык, республикалык бюджеттен 80 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө каралган сумма толугу менен (100%) бөлүндү.