Памирден келген этностук кыргыздарга 82 млн сом бөлүндү

Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келген эностук кыргыздарга республикалык бюджеттен Ош облусунун Чон-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө 2 млн сом бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Мындан тышкары, капиталдык салымдар беренеси боюнча Ош облусунун Чоң-Алай районуна Кичи жана Улуу Памирден келген этникалык кыргыздар үчүн турак жайларды курууга 2023-жылдын 30-августундагы №511-т тескемеге ылайык, республикалык бюджеттен 80 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө каралган сумма толугу менен (100%) бөлүндү.