Маркум Көлбаевге тиешеси бар деп шектелген экс-депутаттын уулу кармалды

2023-жылдын 6-декабрында кыргызстандык М.А.М., Жогорку Кеңештин мурдагы депутатынын уулу, кармалган. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Такталгандай, ага Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүмүндө (Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн айып тагылып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан КР ЮМ караштуу ЖАКнын №1 тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. 

М.А.М. К.Асанбектин жана анын айланасындагылардын кылмыштуу иш-аракеттерин билип туруп, алардын кылмыштуу жол менен алынган мүлкүнө мыйзамдуу көрүнүштү берүү, ошондой эле мыйзамдуу ээсин жашыруу максатында 2020-жылы чыгарылган “Лексус LX570” үлгүсүндөгү брондолгон автоунаасын өзүнө каттоого алып, К.Асанбекке  жана башка уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө пайдалануу үчүн бергени аныкталды.

Мындан тышкары, М.А.М. К.Асанбек менен жакын үй-бүлөлүк мамиледе болгон, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан жаштар жана спортчулар үчүн өткөрүлүүчү жеке спорттук иш-чараларды каржылап турган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.А.М.га тиешелүү ири өлчөмдөгү мүлктөр, анын ичинде Дубай шаарындагы (БАЭ) “Бизнес Бэй” элиталык райондо жайгашкан баасы 4,5 миллион АКШ доллардан ашык болгон 24 батир аныкталды.

Учурда КР УКМК тарабынан К.Асанбекке тиешелүү мүлктөрдү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-