Бишкектиктер "Менин шаарым" колдонмосу аркылуу газ эсептерин жөнөтө алат

«Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы маршруттук каттамдардын кыймылынын өзгөрүшүнө байланыштуу «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде жана e-meria.kg порталында маршруттук каттамдарды жаңылоо боюнча иштерди жүргүздү. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Жыйынтыгында №169, 225, 163, 220, 203, 215, 136, 137, 104, 164, 222, 135, 192, 166, 258, 243, 11 199, 179, 260, 211, 185, 250, 254, 285, 111, 216, 134, 202, 208, 227, 143, 129 жана 240 коомдук транспорттун маршруттук каттамдары жаңыланды.

Эми борбор калаанын тургундары жана коноктору жаңыланган маршруттук каттамдар  боюнча кичи автобустардын кыймылын реалдуу убакыт режиминде көрө алышат.

Мындан тышкары, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын «Бишкекгаз» филиалынын маалыматтык системасы менен интеграция жүргүзүлдү.

Ошентип, шаар тургундары «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде колдонулган жаратылыш газы үчүн эсептерди көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Тиркеме кошумча өзгөчө кырдаалдар жөнүндө жарандар үчүн маанилүү эскертүүлөрдү жана билдирүүлөрдү көрсөтөт жана биринчи жардам көрсөтүү боюнча маалымат берет.