2023-жылы 1.4 миң үй-бүлө мамлекеттик ипотека алды

2023-жылы мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында 1 миң 400 үй-бүлө турак жайлуу болду. Бул тууралуу маалымат жыйынында МИКнын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Амантур Өмүров.

Анын айтымына караганда, кыймылсыз мүлктү сатып алууга бөлүнгөн каржылоонун жалпы суммасы 3 млрд сомдон ашкан.

"Ипотекалык насыялардын басымдуу бөлүгү өлкөнүн аймактарында ишке ашырылган немис банкынын программасынын алкагында берилген. МИК 2024-жылы Кыргызстандын бардык облустарында мамлекеттик ипотекалык программанын катышуучулар үчүн үйлөрдү кура баштайт", - деп кошумчалады ал.