> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 25-30-декабрда “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын утуштары өтөт
- URL: https://im.kg/koom/2023/12/22/25-30-diekabrda-chiek-talap-kylyp-baighie-utup-al-lotierieiasynyn-utushtary-otot/
- Published: 2023-12-22T12:00:00.000Z
- Updated: 2023-12-22T12:00:00.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Cалык кызматы 2023-жылдын 25-декабрынан 30-декабрына чейин “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабын өткөрөт. Бул тууралуу мекеме эскертти.**

25-29-декабрда 521 iPhone 14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана 21 Dyson фени ойнотулат.

Утуштар күн сайын саат 13:00дө Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

Ал эми 30-декабрда 10 батирдин, 11 электромобилдин жана чет өлкөгө 4 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталат.

Утуштар УТРК жана Ала-Тоо24 каналдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде өтөт. Башталышы 15:00дө.

Жарандардын лотереяга катышуусу ишкерлердин контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуусун коомдук контролдоонун натыйжалуу формасы болуп саналат, ошондой эле аларга баалуу байгелерди утуп алууга мүмкүнчүлүк берет.

Учурда салык кызматынын лотереясына 400 миңден ашуун кыргызстандык катышууда.