400дөн ашуун кыргызстандык 50 миң сомдон ашык пенсия алат

Кыргызстанда 400дөн кем эмес адам 50 миң сомдон ашык пенсия алат. Бул тууралуу маалымат жыйынында Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Алиевдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына карата пенсия алуучулардын саны 765.8 миң адамды түзөт. Алардын 23%ы «Кыргыз почтасынын» филиалдарынан пенсия алышат. Калган пенсионерлер коммерциялык банктар аркылуу акча алышат.

«Кыргызстанда 400дөн ашык адам 50 миң сомдон жогору пенсия алат», - деди ал.

Ошол эле учурда Соцфонддун жетекчиси Кыргызстандагы эң жогорку пенсиянын өлчөмүн тактаган жок.