> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айбек Джунушалиев Беларустун элчиси менен жолугушту
- URL: https://im.kg/koom/2023/12/22/aibiek-dzhunushaliiev-bielarustun-elchisi-mienien-zholughushtu/
- Published: 2023-12-22T05:10:00.000Z
- Updated: 2023-12-22T05:10:00.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Шаардык муниципалитетте мэр Айбек Джунушалиев Беларустун Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчко менен жолугушту. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.**

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек шаары менен боордош Минск шаарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө басым жасоо менен эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Бул кадам мамлекеттик деңгээлде гана эмес, муниципалдык деңгээлде да байланыштарды тереңдетүүгө багытталган.

Мэр эки өлкөнүн борборлорунун ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Тараптар жемиштүү диалог үчүн ыраазычылык билдирип, келечекте кызматташтыктын ийгиликтүү өнүгүшүнө үмүт артышты.