Кара-Суу районунда көмүр баасына мониторинг жүргүзүлдү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кара-Суу районунун аймагында 2 көмүр сатуучу жайга көмүрдүн баасы жөнүндө маалыматтын жоктугу (илбегендиги) үчүн 1000 сомдон айып пул салды. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Андан сырткары, Ош ОИИБы боюнча ЖКККБнын Кара-Суу районунун кызматкерлери тарабынан 3 көмүр сатуучуга жол жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан, соода түйүндөрүн уюштургандыгы үчүн 3000 сомдон айып пул салынды.