Салык кызматынын лотереясынын катышуучуларынын саны 400 миңден ашты

Учурда 400 миңден ашуун кыргызстандыктар өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, Салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясына катышууда. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Такталгандай, акыркы 6 айда лотереянын катышуучулары 162 миңге адамга көбөйдү. Лотереянын катышуучулары 17.7 млрд сомдон ашык кассалык чек сканерден өткөрүштү. 16.5 млн ашык ID-номер ыйгарылды.

Эскерте кетсек, 25-30-декабрда лотереянын утуштары өтөт, анда 1244 баалуу байгелер ойнотулат.

Алардын ичинен 25-29-декабрда 521 iPhone 14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана 21 Dyson фени ойнотулат. Утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде өтөт. Башталышы 13:00дө.

Ал эми 30-декабрда башкы байгелер – 10 батир, 11 электромобиль жана чет өлкөгө 4 жолдомо ойнотулат. Утуштар УТРК жана Ала-Тоо24 каналдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде өтөт. Башталышы 15:00дө.

Жарандардын лотереяга катышуусу ишкерлердин контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуусун коомдук контролдоонун натыйжалуу формасы болуп саналат, ошондой эле аларга баалуу байгелерди утуп алууга мүмкүнчүлүк берет.