100 мектептин 96-мектеби жакынкы күндөрдө ачылат – Мамкурулуш

Кыргызстан боюнча салынып жаткан 100 мектептин 96-сынын бүтүшүнө саналуу күндөр калды. Бул тууралуу Мамкурулуш билдирди.

Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунун Каныбек Осмоналиев атындагы N 109 мектептин заманбап имараты салынып бүтөөрүнө саналуу күн калды.  Мектептин эски имараты 70 орундуу болсо, жаңы имараты 220 орундуу. Окуу класстары заманбап жогорку технологиялары менен жабдылган.

КР Мамкурулуш агенттиги жыл аягына чейин 100дөн ашык мектептин курулушун бүтүрүү аракетинде.