Алай районунда мамлекеттик дарыкана ачылды

2023-жылдын 23-декабрдында Алай жалпы медициналык практика борборунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө мамлекеттик аптекалар ачыла баштагандан бери алыскы аймактарда мамлекеттик дарыканаларды уюштуруу боюнча калктан көптөгөн кайрылуулар түшкөнүн белгиледи. Эми алыскы Алайдагы жашоочулар дарыларды арзан баада сатып ала алышат.