Бишкекте өз маалында төлөбөгөн 5.4 миң абоненти электроэнергиядан өчүрүлүшү мүмкүн

Бишкекте 26-декабрында “акылдуу” эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн 5 миң 400 абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу «Бишкек электр тармактар» ишканасы билдирди.

Ишкана жаңы жылда жарыксыз калбоо үчүн турмуш-тиричилик абоненттеринин электр жарыгына болгон төлөмдү өз убагындоо төлөөгө чакырат.

Ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" рубрикасында бардык абоненттер электр энергиясы үчүн болгон карызын көрө алышат.

Андан тышкары, турмуш-тиричилик абоненттери Play Market жана AppStore аркылуу “Менин жарыгым” мобилдик тиркемесин жүктөп алып, өз баланстары тууралуу маалымат ала алышат. Ошондой эле абоненттер 1209, 105, 0772/0702/0556 00 12 09 номерлери аркылуу колл-борборго кайрыла алышат (күнү-түнү иштейт), же 0556 001209 WhatsApp номерине билдирүү жазса болот.