Депутат Камила Талиева Лейлектеги курулушу бүтүп жаткан мектептен кабар алды

Депутат Камила Талиева иш сапарынын алкагында "Лейлек" орто мектебинин курулушу менен жеринде таанышты.  Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

225 орунга ылайыкташкан мектептин курулушу 2022-жылдын декабрь айында башталып, алдыдагы күндөрү пайдаланууга берилери күтүлүүдө.

Депутат Камила Талиева аймактагы социалдык маселелерди байма-бай парламент трибунасынан көтөрүп, аталган билим уясына республикалык бюджеттен 74 млн сом каралган.

Курулуш иштерин көрүп чыккан депутат сапатка өзгөчө көңүл буруп, окуучуларга жакшы шарттарды түзүү заман талабы экендигин белгиледи.