Депутат Улан Примов Алайдагы мектепке компьютерлерди тапшырды

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Алай районунун Гүлчө айылындагы Т.Отунчиев атындагы мектепке барды. Бул тууралуу парламент билдирди.

Эл өкүлү мектеп мугалимдеринин буга чейинки суранычын орундатып, 10 даана заманбап үлгүдөгү компьютер жана интерактивдүү досканы мектепке белекке тапшырды.

“Эртеңки келечегибиздин ээлери болгон окуучуларыбыз үчүн билим алууга баардык шарттарды түзүп беришибиз кажет. Айрыкча учурдун талабына шайкеш келген компьютерлер жана заманбап технологиялардан артта калбашыбыз зарыл. Албетте, мектептер үчүн колдоолор муну менен гана чектелбейт. Жеке өзүм тараптан да мамлекет тарабынан да колдоолор болот. Эң башкысы окуучуларыбыз татыктуу билим алышсын”, - деди депутат.

Улан Примов ушул айдын башында өзү окуган бул мектептен кабар алып, ага мектеп жамааты бир катар кемчиликтер жана жетишпеген техникалар боюнча маалымат беришкен болчу. Билим уясына тапшырылган техникалык каражаттарды сатып алууга ЖКнын төрагасынын фондунан каражат бөлүнгөн.