ИИМ айдоочуларды милдеттүү түрдө видеокөзөмөл орнотууну сунуштады

ИИМ айдоочуларды милдеттүү түрдө видеокөзөмөл орнотууну сунуштады. Мыйзам кабыл алынса, ал 2025-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Такталгандай, мыйзамды ИИМ сунуштап, ал Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Анда министрлер кабинети тарабынан аныкталган тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды жана башка транспорт каражаттарынын түрлөрүн кошпогондо бардык автоунааларда жазуучу прибор (видеокаттоо) болушу керектиги белгиленген.

Мыйзам 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирери, бул автоээлерине видеокаттагычты өз чөнтөгүнөн сатып алууга мүмкүндүк берери белгиленген. Эрежеге баш ийбегендер айыпка жыгылат.