Лотереянын утуштары өткөрүлгөн күндөрү ID-номерлерди ыйгаруу токтотулат

"Чек талап кылып, байге утуп!" лотереясынын шарттарына ылайык, утуштар өткөрүлгөн күндөрү ID-номерлерди ыйгаруу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

ID-номерлер 25-декабрдан 29-декабрга чейин берилбейт. Бирок, лотереянын катышуучулары 30-декабрда башкы байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн кассалык чектерди сканерлей алышат.

25-декабрдан 29-декабрга чейин сканерленген кассалык чектерге ID-номерлер 30-декабрга караган түнү ыйгарылат.

Эскерте кетсек, 25-29-декабрда лотереяда 521 iPhone 14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана 21 Dyson фени ойнотулат. Утуштар күн сайын Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында саат 13:00дө түз эфирде көрсөтүлөт.

Ал эми 30-декабрда – 10 батир, 11 электромобиль жана чет өлкөгө 4 жолдомо ойнотулат. Утуштар УТРК жана Ала-Тоо24 каналдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде өтөт. Башталышы 15:00дө.

Бүгүнкү күндө лотереяга 400 миңден ашуун жаран катышууда.