Салык кызматы мыйзамсыз жүгүртүүдөн 4.5 тоннадан ашык күйүүчү майды тартып алды

Салык кызматынын кызматкерлери Чүй облусунда болгон рейддик иш-чаранын жүрүшүндө мунайзаттарды мыйзамсыз алып өтүү жана сатуу фактыларын аныкташты. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Тактап айтканда, Токмок шаарында 4.5 тоннадан ашык эсепке алынбаган күйүүчү май менен транспорт каражаттары кармалган.

Продукция тартып алынып, унаалар убактылуу токтотуучу жайга киргизилди.

Салык кызматы ишкерлердин салык мыйзамдарынын ченемдерин сактоосун камсыздоо үчүн мунайзаттарды мыйзамсыз сактоону жана сатууну аныктоо боюнча иштерди улантууда.