> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 30-декабрдан тарта айрым аймактарда унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет
- URL: https://im.kg/koom/2023/12/27/bishkiektie-30-diekabrdan-tarta-airym-aimaktarda-unaa-kyimylyna-ubaktyluu-chiektoo-kirghiziliet/
- Published: 2023-12-27T02:49:00.000Z
- Updated: 2023-12-27T02:49:00.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жаңы жылды майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө буйругуна ылайык, 2023-жылдын 30-декабрынан 2024-жылдын 1-январына чейин (кошкондо) айрым жерлерде жол кыймылы, ошондой эле унаа токтотуу эрежелери чектелет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.**  
  
Ошентип, Чүй проспектиси (Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин) 2023-жылдын 30-декабрында саат 14:00дөн 2024-жылдын 1-январы саат 07:00гө чейин жабылат.  
  
Киев көчөсү (Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин) 2023-жылдын 31-декабрында саат 14:00дөн 2024-жылдын 1-январы саат 07:00гө чейин жеке транспорт үчүн жабылат. Кирүү коомдук транспорт үчүн гана болот.  
  
2023-жылдын 30-декабрында саат 14.00дөн 2024-жылдын 1-январы саат 07.00гө чейинки аралыкта Панфилов көчөсү (Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин) эки тараптуу жол кыймылы үчүн жеткиликтүү болот.  
  
2023-жылдын 30-декабрында саат 14.00дөн 2024-жылдын 1-январы саат 07.00гө чейин Эркиндик бульвары (Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин) эки тарапка унаа токтотууга тыюу салынат.  
  
Ошондой эле, 2024-Жаңы жылды майрамдоо учурунда шаардыктарга жана борбор калаанын конокторуна ыңгайлуу болушу үчүн атайын унаа токтотуучу жайлар белгиленген:  
\- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратынын түндүк жана батыш тарабы.  
\- Раззаков, Орозбеков, Панфилов көчөлөрү башка айдоочуларга тоскоолдук жаратпастан, Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.  
  
Жаңы жылдык иш-чаралардан кийин 2024-жылдын 1-январынан тарта саат 00:30дан баштап борбор калаанын жарандарынын жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн автобус каттамдары Ала-Тоо аянтынан төмөнкү каттамдар боюнча каттайт:  
2024-жылдын 1-январы саат 00:30дан баштап:  
\- «Ала-Тоо» аянты – «Рухий Мурас» конушу;  
\- «Ала-Тоо» аянты – «Көк-Жар» конушу;  
\- “Ала-Тоо” аянты – 12 кичи район;  
\- “Ала-Тоо” аянты – Чоң-Арык;  
\- «Ала-Тоо» аянты – «Совмин» шаарчасы;  
\- «Ала-Тоо» аянты – «Арча Бешик» конушу;  
\- “Ала-Тоо” аянты – “Ак-Ордо” конушу;  
\- “Ала-Тоо” аянты – “Ала-Тоо” конушу;  
\- “Ала-Тоо” аянты – “Ак-босого” конушу;  
\- «Ала-Тоо» аянты – «Бакай-Ата» конушу;  
\- «Ала-Тоо» аянты – «Энесай» конушу;  
\- “Ала-Тоо” аянты – Аламүдүн-1 кичи району.  
  
Кошумчалай кетсек, учурдагы троллейбустук каттамдар 2024-жылдын 1-январында саат 00:30дан 01:30га чейин Киев көчөсү менен жүрөт.  
  
Кошумча суроолор боюнча ишеним телефону: +996 505 192 619.