Ош шаарында муниципалдык үлүштүк үйлөр курулуп жатат

Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов Муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан салынып жаткан муниципалдык үлүштүк курулуш программасы боюнча үйлөрдү куруу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мында №6 Тилеке-Баатыр, №48 А Ашимахунов, №3 Набережный дарегендеги  үйлөрдүн курулуш иштерин көрүп чыкты.

Орун басар З. Юсупов бардык курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүү керектигин билдирди.