Ошто муниципалдык күрөш залы курулат

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Сай-Бою көчөсүндө жаңыдан курулушу башталган муниципалдык күрөш залы менен таанышты. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Шаар башчысы курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген убактысында бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Аталган мекемеде спортчулар үчүн бардык шарттар түзүлүп, жуунучу, кийим алмаштыруучу жайлар, машыктыруучулар үчүн бөлмөлөр болот. Курулуштун жалпы аянты 588 м2 түзүп, улан, кыздардын машыгуусу үчүн ылайыкталган.