Салык кызматынын лотереясынын 3-күнүндө 234 адам баалуу байгенин ээси болот

Бүгүн, 27-декабрда – «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын байгелерин ойнотуунун үчүнчү күнү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Түз эфирдин жүрүшүндө 100 iPhone14, 100 смартфон, 30 ноутбук жана 4 Dyson фени ойнотулат.

Утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларынан түз эфирде көрсөтүлөт. Башталышы саат: 13.00.

Эскерте кетсек, 25 жана 26-декабрда 517 байге ойнотулду. Мындай утуштар 29-декабрга чейин созулуп, күн сайын 234 байгеден ойнотулат.

Негизги иш-чара 30-декабрда өткөрүлүп, 10 батир, 11 электромобиль жана чет өлкөгө 4 жолдомо ойнотулат. Утуштар саат 15:00дө УТРК, Ала-Тоо 24 каналдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана Youtube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.