> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Люксембургда ҮДТ имараты ачылды
- URL: https://im.kg/koom/2023/12/28/liuksiemburghda-udt-imaratynyn-achyldy/
- Published: 2023-12-28T04:56:45.000Z
- Updated: 2023-12-28T04:56:45.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Люксембург айылында 27-декабрда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) жаңы имаратынын салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу облустагы президенттин өкүлчүлүгү билдирди.**

Ыйгарым укуктуу өкүл Чүй облусунда 2023-жылга пландалган социалдык объектилердин курулушу план боюнча жүрүп жатканын билдирди. Маселен, курулуп жаткан объекттер боюнча: 2023-жылга карата 73 социалдык объектинин куруу иштери жүргүзүлүп, 55 объекти ишке берилип, калгандары аяктоо стадияларында турат. 75тин ичинде 15 мектеп, 7 бала бакча, 13 медицина мекемелери, 21 спорттук объект, 5 социалдык шаарча, 2 реаблитациялык борбор, 10 суу мунарасы жана суу түтүкчөлөрү бар экенин айтты.

Маалымат: Люксембург айылынын Ленин көчөсү 174 “А” дарегинде үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын болжол менен 115000 (жүз он беш миң) доллар сарптоо менен “ТИКА“ Бишкек координациялык кеңсеси тарабынан каржыланып куруу иштери бүткөн. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын тегерегин тозуу, көрктөндүрүү, жашылдандыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен “Универсал Мол сервис” ЖЧКсы менен 1098000 сомго келишим түзүлүп, калган абаттоо иштери аяктаган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/12/414458232_348291167941365_589355074640448239_n-1.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/12/414460148_348291187941363_3480796744619416600_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/12/414470657_348291291274686_4459511178328085336_n.jpg)