Люксембургда ҮДТ имараты ачылды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Люксембург айылында 27-декабрда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) жаңы имаратынын салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу облустагы президенттин өкүлчүлүгү билдирди.

Ыйгарым укуктуу өкүл Чүй облусунда 2023-жылга пландалган социалдык объектилердин курулушу план боюнча жүрүп жатканын билдирди. Маселен, курулуп жаткан объекттер боюнча: 2023-жылга карата 73 социалдык объектинин куруу иштери жүргүзүлүп, 55 объекти ишке берилип, калгандары аяктоо стадияларында турат. 75тин ичинде 15 мектеп, 7 бала бакча, 13 медицина мекемелери, 21 спорттук объект, 5 социалдык шаарча, 2 реаблитациялык борбор, 10 суу мунарасы жана суу түтүкчөлөрү бар экенин айтты.

Маалымат: Люксембург айылынын Ленин көчөсү 174 “А” дарегинде үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын болжол менен 115000 (жүз он беш миң) доллар сарптоо менен “ТИКА“ Бишкек координациялык кеңсеси тарабынан каржыланып куруу иштери бүткөн. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын тегерегин тозуу, көрктөндүрүү, жашылдандыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен “Универсал Мол сервис” ЖЧКсы менен 1098000 сомго келишим түзүлүп, калган абаттоо иштери аяктаган.