ШКУнун алкагында санариптештирүү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду

Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева жана "Жибек жолу" өнөр жай интернетин илгерилетүү борборунун башкы директору Ян Юн Шанкай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын илим, технология жана инновация жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча билдирүүсүн ишке ашыруунун алкагында санариптештирүү жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Президентинин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов, бул маанилүү кадам технологиялык прогресске жана санариптик трансформация чөйрөсүн өнүктүрүү аркылуу жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга түрткү болоорун белгиледи.

Меморандум Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун түзүү, санариптик чечимдерди иштеп чыгуу маселелери боюнча натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты орнотууга жана өнүктүрүүгө жана өнөр жайлык интернет-технологиялар жана соода-экономикалык кызматташтык жаатындагы алдыңкы тажрыйбаларды киргизүүгө багытталган.