Медакадемия 46 млн сомго оңдоп-түзөө иштерин жүргүзөт

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы аймакты оңдоп-түзөө жана көрктөндүрүү иштерине 46 млн сомго жакын каражат жумшоону пландоодо. Тиешелүү тендерлер мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланган.

Аталаган окуу жайды жашылдандырууга 20 млн сом бөлүү пландалууда. Тиркелген документте көрктөндүрүү, темир тосмо орнотуу, унаа токтотуучу жайды оңдоо, чатыр, ирригациялык система жана башка жумуштарды сатып алуу каралган. Ишти бүтүрүү үчүн 45 күн берилген.

Мындан тышкары 26 млн сом бетон пандустарды курууга, ошондой эле дубал тургузууга жумшалат. Бул ишти бүтүрүү үчүн 80 күн берилет. Баса белгилей кетсек, сынактын катышуучулары арыздарын 22-явнварга чейин тапшырышы керек.