Кытайга майыптарды социалдык камсыздандыруу багытында кызматташуу сунушталды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Улан Чаначев Кытайдын адам ресурстары жана социалдык камсыздоо министрлигинин эл аралык кызматташтык департаментинин директору Рун Си Цай мырзаны алды. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Эки тараптын министрликтери эмгек жана социалдык камсыздоо чөйрөсүндө кызматташуу боюнча Меморандумду түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун келечегин, ошондой эле негизги багыттарын талкуулашты.

Министрдин орун басары Улан Чаначев майыптарды социалдык камсыздандыруу, эмгек укуктарын коргоо, улгайган жарандарды жана майыптарды, аялдарды жана жаштарды социалдык жактан камсыздоо багытында кызматташууну сунуштады. Ошондой эле социалдык чөйрөдө мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жаатында дагы кызматташуу жөнүндө баса белгиледи.

Өз кезегинде Кытай тарап кызматташууга кызыктар экенин билдирип, айтылган сунуштарды министрликтин жетекчилиги менен талкуулоо зарылдыгын белгиледи.