Ошто "Таза суу" долбоорунун үчүнчү этабы башталды

Ош шаарында шаарды таза суу менен камсыздоонун үчүнчү этабы башталды. Кеп Ак-Буура дарыясынын жайылмасындагы негизги суу алуучу түзүлүштү модернизациялоо жөнүндө болуп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын түштүк башкалаасынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Даңги участогунан шаарга суу алуучу башкы тосмого чейинки аймакка диаметри 1000 мм болгон 2400 метрди түзгөн суу түтүгүн тартуу ишине старт берди. 

"Даңги тилкесинде алгач бийиктиги 7 метрди түзгөн дамба курулат. Бул 20-мартка чейин бүтүшү керек. Андан соң узундугу 2400 метр болгон суу түтүгүн тартуу каралган. Жумушту толук түрдө бүткөрүү үстүбүздөгү жылдын август айына белгиленген", — деп билдирет мэрия.

Шаар мэриясы Ош шаарынын калкынын системалуу түрдө көбөйүшүнө жана аймагынын кеңейишине байланыштуу таза сууга болгон муктаждык күн сайын көбөйөрүн белгилейт. Бул долбоордун ишке ашырылышы менен Ош шаарынын нөшөрлөгөн жаан-чачын, сел жана сел мезгилиндеги жашоочулары таза суу менен камсыз болот. Долбоор Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен  ишке ашырылууда.