> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “Туризм жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
- URL: https://im.kg/koom/2024/01/12/turizm-zhonundo-myizamgha-ozghortuulor-kirghizildi/
- Published: 2024-01-12T06:25:38.000Z
- Updated: 2024-01-12T06:25:38.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров “Туризм жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамына кол койду.**

Мыйзам 2023-жылдын 30-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

“Туризм жөнүндө” мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр туристтик тармактагы ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу, КРда туризмди өнүктүрүү, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун өркүндөтүү, туристтердин жана туризм чөйрөсүндөгү ишкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, КРнын мыйзамдарын Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.