“Туризм жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Туризм жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамына  кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 30-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

“Туризм жөнүндө” мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр туристтик тармактагы ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу, КРда туризмди өнүктүрүү, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун өркүндөтүү, туристтердин жана туризм чөйрөсүндөгү ишкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, КРнын мыйзамдарын Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.