Бишкектеги №62 мектебинин жаңы имараты ачылды – оңдоо иштерине 227.7 млн сом бөлүнгөн

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы №62 билим берүү комплексинин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы окуучуларды, ата-энелерди жана мектептин мугалимдерин 1500 окуучуга ылайыкташкан жаңы имараттын ачылышы менен куттуктады. 

«Бул жаңы имаратта башталгыч класстын 1500 окуучусу окуйт. Мындан тышкары, билим берүү мекемесинде 6 жаштагы балдарды мектепке чейин даярдоо каралган.  Имаратта окуу кабинеттери, спорт зал, бий залы, китепкана, ашкана, заманбап спорт аянтчалары бар. Мектепти оңдоо иштерине жана толук жабдылышына бюджеттен 227.7 млн сом бөлүндү», - деди Акылбек Жапаров.