Чек арачыларга пара берген бир топ адам кармалды

Чек ара кызматы менен биргеликте чек ара башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине аткезчиликке көмөктөшүү үчүн пара берүү фактысы боюнча бир топ адам кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Ушул жылдын 14-январында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (“Билип туруп мыйзамсыз аракет (аракетсиздик) жасоо үчүн пара берүү”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда КРнын жарандары 1982-жылы туулган А.Т.Р., 1982-жылы туулган Т.И.Б., жана 1988-жылы туулган А.А.А. кармалып, тергөө абагына тергөө убагы бүткөнчө камалды.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.