Ишке орношкон жумушсуздардын саны 6%га өстү – Эмгек министрлиги

2023-жылдын жыйынтыгы менен иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 7% га азайып, 91.6 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Ошол эле учурда ишке орношкон жумушсуз жарандардын саны 6%га өскөн. Иш менен камсыз кылуу кызматы бир жылдын ичинде 16.7 миң кыргызстандыкка жумуш табууга жардам берген.

Эмгек министрлиги тарабынан көрүлгөн чаралардын аркасында жыл ичинде жумушсуздуктун жалпы деңгээли 4.9% түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0.4% пайыздык пунктуга  төмөн.

Расмий жумушсуздуктун деңгээли республика боюнча 2.5% ды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0.4% пайыздык пунктуга  төмөн.