Тогуз-Тородо 225 орундуу мектеп курулду

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Чет-Булак айылындагы көп жылдан бери курулушу бүтпөй келген №8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин курулушу аяктады. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Мектеп 225 окуучулук орунга ылайыкташкан, анын курулушу республикалык бюджеттен каржыланган. Мектептин ачылышына Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мектеп жамааты жана окуучулар катышты.