Төө-Ашуу убактылуу жабылды

Бишкек-Ош унаа жолуна (Төө-Ашуу) кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды.

Мындан улам, Сосновка постунан унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Көчкү болжол менен бүгүн, 15-январда түшкү саат 13:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 127,5-чакырымына түшкөн.

Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 4000 м3 түзөт. Азыркы тапта Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолду кардан тазалап жатышат.

Кошумча маалымат берилет.