Бишкектин Свердлов районунда жашаган аз камсыз үй бүлөлөргө көмүр таратылды

Депутат Шайлообек Атазов көмүр таратуу демилгеси менен Smart generation ("Смарт дженерейшн") кайрымдуулук фондуна кайрылган. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Аталган фонд көтөрүлгөн демилгени колдоп, 100 үй бүлөгө көмүр таратууга каржылык жардам көрсөткөн. 

“Биз бири-бирибизге жардам берип, көмөк көрсөтүү аркылуу алдыга жыла алабыз. Бүгүнкү берилген жардам акыркысы эмес. Мындай жардамдар дагы улантылат”, – деп кошумчалады депутат.