Депутаттар мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин талкуулады

Жогорку Кеңешитн бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети “КРдагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Депутат Камила Талиева мыйзам долбоору депутат Марлен Маматалиев менен биргеликте бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон калктуу конуштарда жана ѳзгөчө статуска ээ чек ара аймактарында жашаган үй-бүлөлөрдү колдоо максатында иштелип чыкканын баса белгиледи. Депутат белгилегендей, мыйзам долбоору менен Конституциясынын ченемдерин эске алуу менен үй-бүлөдө төрөлгөн 3-баладан тартып 3 жашка чейин ай сайын жөлөкпул дайындоо сунушталууда.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар Шарапаткан Мажитова, Эльвира Сурабалдиева, Султанбай Айжигитов, Замирбек Мамасадыков, Нурлан Ражабалиев бул мыйзам долбоорун колдошту. Депутат Надира Нарматова ар бир балалуу үй-бүлөлөргө жөлөк пул берүү маселесин кароону сунуштады. Депутат Таалайбек Сарыбашов жөлөк пул алган үй-бүлөлөрдүн саны боюнча маселени тактап, социалдык жардам даректүү көрсөтүлүшү керектигин белгиледи.