"Салык чек" лотереясынын жеңүүчүлөрү байгелерин качан алары айтылды

Лотереянын жеңүүчүлөрү эрежелерди бузбаса утуштарын сөзсүз алышат. Бул тууралуу Салык кызматы эскертти.

Мекеме билдиргендей, тынчсызданууга негиз жок. Учурда ведомстволор аралык көз карандысыз комиссия жеңүүчүлөрдүн лотереянын шарттарын жана талаптарын бузган-бузбаганын текшерип жатат.

Лотереяга катышуунун шарттары "Салык чек" мобилдик тиркемесинин "Тасма" бөлүмүнө жайгаштырылган.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 25-30-декабрында 1244 баалуу байге ойнотулган. Анын ичинде 10 батир, 11 электромобиль жана чет өлкөгө төрт жолдомо бар.

Салык кызматы телефон чалып куттуктап, байге үчүн акча которууну суранган шылуундардан сак болууга чакырат. Байгелер акысыз жана салык төлөөсүз берилет.