> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жеңилдиктерге ээ болгондор муниципалдык коомдук транспортту акысыз пайдалана алышат – тизме
- URL: https://im.kg/koom/2024/01/17/zhienildiktierghie-ee-bolghondor-munitsipaldyk-koomduk-transporttu-akysyz-paidalana-alyshat-tizmie/
- Published: 2024-01-17T03:35:05.000Z
- Updated: 2024-01-17T03:35:04.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек шаарында 2024-жылдын 30-январынан тарта коомдук транспортто жол кире акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэрия эскертти.**

Өз кезегинде тарифтердин көтөрүлүшү автобустарда жана троллейбустарда бекер жүрүүгө укугу бар Бишкек шаарынын төмөнкү категориядагы жарандарына таасирин тийгизбейт:

· пенсионерлер;

· ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, I, II, III топтогу майыптар;

· бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар;

· 7 жашка чейинки балдар;

· өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн "Кыргызпочтасы" мамлекеттик почта ишканасынын почтальондору.

Ошондой эле, Бишкек шаарындагы пенсионерлер үчүн кичиавтобустук каттамдарда пенсиялык күбөлүккө жеңилдетилген картасы бар болсо, жол кире акысы 8 сом өлчөмүндө сакталып, бирок колдонуу мөөнөтү 9:00дөн баштап 17:00го чейин кыскартылды.