Жеңилдиктерге ээ болгондор муниципалдык коомдук транспортту акысыз пайдалана алышат – тизме

Бишкек шаарында 2024-жылдын 30-январынан тарта коомдук транспортто жол кире акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэрия эскертти.

Өз кезегинде тарифтердин көтөрүлүшү автобустарда жана троллейбустарда бекер жүрүүгө укугу бар Бишкек шаарынын төмөнкү категориядагы жарандарына таасирин тийгизбейт:

·         пенсионерлер;

·         ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, I, II, III топтогу майыптар;

·         бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар;

·         7 жашка чейинки балдар;

·         өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн "Кыргызпочтасы" мамлекеттик почта ишканасынын почтальондору.

Ошондой эле, Бишкек шаарындагы пенсионерлер үчүн кичиавтобустук каттамдарда пенсиялык күбөлүккө жеңилдетилген  картасы бар болсо, жол кире акысы 8 сом өлчөмүндө сакталып, бирок колдонуу мөөнөтү 9:00дөн баштап 17:00го чейин кыскартылды.