Бардык ЦОНдор бирдиктүү иш графигине өтүштү

2024-жылдын 18-январынан тартып бүткүл Кыргызстан боюнча бардык ири Калкты тейлөө борборлору саат 8:00 дөн 18:00 гө чейин түшкү тыныгуусуз бирдиктүү иш графигине өттү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Бул маанилүү кадам иш графиги саат 9:00дө башталган жарандардын эртең мененки сааттардагы муктаждыктарын канааттандырууга багытталган.

Буга чейин эки ири Калкты тейлөө борборлорунда саат 08:00дон 20:00гө чейинки аралыкта жаңы иш графиги киргизилген. Бирок, пилоттук мезгилдин натыйжасында, Калкты тейлөө борборлорунда кечки тейлөө убактысы анча талап кылынбагандыгы аныкталган.

Жаңы график мамлекеттик кызматтардын үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу менен кезек күтүү убактысын азайтууга багытталган. СӨМ жарандардын муктаждыктарына багытталган сапаттуу тейлөөнү камсыз кылууга умтулат. Жарандар 08:00дөн 18:00гө чейин түшкү тыныгуусуз жаңы иш графигинде иштеп жатышкан Калкты тейлөө борборлоруна келип, кызмат алсаңыздар болот.

КТБнын иши жөнүндө кеңири маалыматты 119 колл-борборунан алууга болот (чалуу акысыз).