Баткенде туризмди өнүктүрүү боюнча отурум уюштурулду

2024-жылдын 17-январында Баткен шаарында туризмди туруктуу өнүктүрүү, инфратүзүмдү жакшыртуу жана туризм жаатына инвестицияларды тартуу маселелери боюнча Баткен облусунун туризм боюнча кеңешинин кезектеги отуруму уюштурулду. Бул тууралуу облустагы президенттин өкүлчүлүгү билдирди.

Баткен облусунун туризм боюнча кеңешинин кезектеги отурумуна Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Н.Миңбаев, жергиликтүү райондук мамлекеттик администрациялар, ошондой эле, өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана туристтик компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Туризм департаментинин директору Н. Миңбаев Баткен облусунун туристтик дарамети жогору экендигин белгилеп, бул багытта ишке ашырылуучу бир катар артыкчылыктуу долбоорлорго колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

Ошону менен катар, Баткен облусунун аймагында заманбап туристтик тейлөө борборлорун куруу максатында тийиштүү иш-аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдады.

Кеңештин мүчөлөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана ишкерлер тарабынан туристтик долбоорлор презентацияланып, алардын актуалдуулугу, үнөмдүүлүгү жана Баткен жергесинде инфратүзүмдү жакшыртуу боюнча алдыга коюлган мерчемдер талкууланды. Күн тартибинде Баткен облусунда туризмди туруктуу өнүктүрүү, облустук кеңештин ишмердигин күчөтүү, жергиликтүү “Мадыген” геопаркынын ишмердигин илгерилетүү,  жергиликтүү администрациялар жана жергиликтүү бийликтин туризм жаатын өнүктүрүүгө карата иш-аракеттерин күчөтүү, туристтик инфратүзүмдү жакшыртуу, кыргыз кол өнөрчүлүгүн колдоо, жаӊы туристтик өнүмдөрдү иштеп чыгып, туристтерге сунуштоо аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү сыяктуу маселелердин алкагында кеңири талкуу жүргүзүлдү. Баткен жергесинде жайгашкан “Асан-Үсөн” (Пирамидальный) чокуларын дүйнөлүк аренада таанытуу, “Белес” лагеринин инфратүзүмүн жакшыртуу үчүн инвестиция тартуу, “Дугаба” паркына бараткан жолду асфальттоо тууралуу сунуштар жергиликтүү демилгечилер тарабынан киргизилди.

Туризм тармагын өнүктүрүү үчүн Баткен облусундагы райондук администрациялар, өз алдынча башкаруу органдары, өнүктүрүү фонддору жана жаштар комитеттери биргеликте активдүү аракеттенүүсү зарыл экендиги баса белгиленди.