> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте автобустардын GPS-трекерлерин өчүргөн айдоочулар аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2024/01/18/bishkiektie-avtobustardyn-gps-triekierlierin-ochurghon-aidoochular-anyktaldy/
- Published: 2024-01-18T06:55:04.000Z
- Updated: 2024-01-18T06:55:04.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери коомдук транспорттун пландык чыгуусун, бекитилген кыймыл чиймесин сактоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэрия билдирди.**

Рейдке “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы, Бишкек троллейбус башкармалыгы, шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, жүргүнчүлөрдү ташуучу фирмалардын кызматкерлери катышууда.

Рейддин жүрүшүндө эрежелерди сактабаган, GPS-трекерлерди өз алдынча өчүрүп койгон айдоочулар аныкталып, шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 8 протокол түзүлдү.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара коомдук транспорттун тейлөө сапатын жакшыртууга багытталып, байма-бай өткөрүлүп турат.