Бишкекте автобустардын GPS-трекерлерин өчүргөн айдоочулар аныкталды

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери коомдук транспорттун пландык чыгуусун, бекитилген кыймыл чиймесин сактоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Рейдке “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы, Бишкек троллейбус башкармалыгы, шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, жүргүнчүлөрдү ташуучу фирмалардын кызматкерлери катышууда.

Рейддин жүрүшүндө эрежелерди сактабаган, GPS-трекерлерди өз алдынча өчүрүп койгон айдоочулар аныкталып, шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 8 протокол түзүлдү.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара коомдук транспорттун тейлөө сапатын жакшыртууга багытталып, байма-бай өткөрүлүп турат.